Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Сербия парламенти Косово менен элдешүү жөнүндө маанилүү келишимди карап жатат


Серб парламентиндеги талкуу, 26-апрель, 2013
Серб парламентиндеги талкуу, 26-апрель, 2013
Бул келишимге серб премьер-министри Ивица Дачич менен Косовонун өкмөт башчысы Хашим Тачи 19-апрелде кол коюшкан. Косовонун парламенти аталган документти 21-апрелде жактырган. Кийинки күнү серб өкмөтү аны колдогон болчу. Бүгүн серб парламенти аны ратификациялайт деп күтүп жатышат.

Евробиримдиктин ортомчулугу менен кабыл алынган келишимге ылайык, Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдер автономия алышат. Ал эми Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгын расмий Белград таанышы абзел.

Келишимдин аткарылышы эки тарапка тең келечекте Еврошаркетке мүчөлүк алуу үчүн маанилүү документ катары аталууда. (TD)

XS
SM
MD
LG