Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:43

АКШда Жохар Царнаев ооруканадан түрмөгө которулду


15-апрелде Бостондо болгон кош жардырууга шектелген Жохар Царнаев Бостондогу ооруканадан Форт-Девенс шаарындагы түрмөгө которулду. 19-жаштагы Царнаев полиция менен атышууда алган оор жараатынан дарыланууну улантууда. 19-апрелде жардырууну уюштурган деп шектелген ага-ининин улуусу Тамерлен полиция менен атышууда жан берген. Жохар болсо кийинки күнү кармалган.

11 күн мурун Бостондогу кош жардырууда үч киши өлүп, 260тан ашуун адам жарадар болгон. Царнаевдердин балачагы Токмок шаарында өткөн, 2000-жылдардын башында бул үй бүлө Дагестанга, андан ары АКШга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG