Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Украиндер Чернобыль кырсыгынын курмандыктарын эскеришти


Украиндер 1986-жылы Чернобыль АЭСинде болгон кырсыктын курмандыктарын эскеришти. Жума күнү Киевдин борбордук чиркөөсүндө болгон эскерүү зыяпатына президент В. Янукович, премьер-министр М. Азаров жана башка расмий адамдар катышты.

АЭСтин реакторлору кырсыктан кийин Хиросимага ташталган атомдук бомбадан 500 эсе көп радиация бөлгөн. Ага каршы күрөшкө Советтер союзунун ар кайсы аймактарынан 600 миңдей адис тартылган. Януковичтин айтышынча, анын кесепети Украина үчүн 180 миллиард долларга турду.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өз кайрылуусунда Чернобылдагы “эч унутулгус кырсыктан “санаксыз эркек, аял жана балдар нурланганын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG