Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Баткенде жергиликтүү тургундар менен тажиктер ортосунда чатак чыкты


Баткен облусунун Ак-Сай айылында, Ворух анклавынын жанында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, жаңжал Ворух анклавы аркылуу өткөн Аксай-Тамдык айланма жолунун курулушунан улам чыккан.

"Эртең менен курулуп жаткан жолдун жанына анклавдын 30га жакын тургуну чогулуп, нааразылыгын билдире башташкан. Ошол жерге кыргыздар да келгенде алардын ортосунда чатак чыккан. Бирок мушташышкан жок. Жерине жергиликтүү администрациянын жетекчилери, тажик чер арачылары барып, тургундарды тынчтыкка чакырышкан. Ушул тапта ал жерде Чек ара кызматынын, ИИМдин, кызматкерлери жүрөт. Алар чатакты жөнгө салышууда", - деди Токон Мамытов.

Чек ара кызматынын башчысы анклав аркылуу өткөн жолду тажик тарап жаап салганын, ага жооп катары кыргыз тарап Ак-Сай айылы жактан анклавга кирчү жолду бууп салганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG