Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Баткен: Чек арадагы окуяда жабыркагандар бар


Баткендеги кечээки кыргыз-тажик чатагынан жабыркап ооруканага кайрылгандар, арасында колу сынгандар бар экенин жергиликтүүлөр айтып жатат. Окуядан кийин тосулган Ворух-Исфара жолу ачыла элек. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, окуя болгон жерге азыр өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Раззаков жана башка облустук жетекчилер барды.

Кечээ кечинде Баткендеги Ворух анклавынын жанында Ак-Сай айылынын тургундары менен кошуна ворухтуктар чатакташа кеткен. Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытовдун айтымында, чыр курулуп жаткан жолдон чыккан.

Бул жерде кыргыз тарап Ворух анклавын айланып өтчү жол куруп баштаган. Ворухтуктар жол такталбаган чек арага курулуп, тажик тарапка кирип кеткенин айтышкан. Жергиликтүү тургундар болсо жол шарттуу чек арадан 500 метр ичкери тарапта экенин айтышууда. Расмий өкүлдөр бул тууралуу эч нерсе айта элек. (JsA/AKu)

XS
SM
MD
LG