Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:34

“Манас” аба майданынын кирешеси азаюуда


Эл аралык “Манас” аба майданы 2014-жылы АКШ транзиттик борбору чыгарылаарына байланыштуу эмитен эле кирешеси азайып баштаганын билдирди. Маселен, бул жылдын биринчи кварталында транзиттик борбордун учактары 31 пайызга аз учкан. Алдын-ала божомолдор боюнча, 2013-жылдын кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз болот. 2012-жылдын таза кирешеси 1 миллиард 564 миллион сом болсо, быйыл 814 миллион сом түшөөрү болжолдонууда.

Буга байланыштуу “Эл аралык Манас аба майданы” ачык акционердик коомунун жетекчилиги ишкананын башкаруусун өзгөртүп жана башка инвесторлорду тартып жатканын билдирди.

“Манас” аба майданы Кыргызстандагы ири ачык акционердик коомдордун бири, акциясынын көпчүлүк бөлүгү мамлекетте. Аба майдан биринчи учакты 1974-жылы кабыл алган. 2001-жылы "Манаста" терроризмге каршы коалициянын базасы жайгашкан. Бул база кийин коалициялык күчтөрдүн жүк ташуучу борбору болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз тарап бул борбор 2014-жылы мөөнөтү бүткөн соң чыгарылааын байма-бай эскертип келет.(AKu)

XS
SM
MD
LG