Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Пакистанда бомба чабуулдарынан 8 киши апаат болду


Пакистанда 11-майда болчу парламенттик шайлоо алдында бомба чабуулдары көбөйдү. Бүгүн Хайбер Пахтунква провинциясынын Кохат шаарында болгон жардыруудан кеминде төрт адам өлдү, 20дай адам жараат алды. Полициянын билдиришинче, бомба көз карандысыз талапкердин кеңсесинин түбүндө жарылган. Ишемби күнү шамда Карачи шаарында эки жайда бомба жарылып, төрт киши курман болуп, 40тан ашуун адам жараат алган эле. Бомба чабуулу Пакистан Элдик партиясы жана Муттахида Куами кыймылынын талапкерлери шайлоочулар менен жолугуп жатканда жарылган. Кол салууларды ким уюштурганы белгисиз. Талибдер аталган эки партияны жана Авами Улуттук партиясын көз караштары ашыкча либерал жана дүниябий деп тек калтырбасын айтып коркутуп жүргөн.

XS
SM
MD
LG