Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Ирак: Анбар провинциясында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Ирак бийликтери беш жоокердин өлүмүнө байланыштуу Анбар провинциясында чукул кырдаал абалын киргизди. Аскерлерди ишемби күнү провинциянын борбору Рамади шаарындагы суннилердин негизги нааразылык лагеринин сыртында куралчандардын тобу өлтүргөн. Ирак армиясынын Анбардагы башчысы генерал ал-Махалави сунни протесчилерге аскерлерди аткандарды тапканга 24 саат убакыт берди. Премьер-министр Нури ал-Малики өкмөт жоокерлерди өлтүрүүнү “лам” дебей карап турбасын билдирди.

Сунни протесчилер ал-Маликинин өкмөтү бизге калыс мамиле кылбайт дешип, шииттер жетектеген бийликке улам кол салууда. Ал-Малики ишемби күнү диний жаатташууну – “шайтандын азгырыгы” деп илдет Сириядагыдай Ислам дүйнөсүнө жайылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG