Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Кыргыз өспүрүмдөрү футбол боюнча Азиянын тандалма туруна катышууда


Футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр тандалма командасы Ирандын Мешхед шаарында Азия биринчилигинин тандоо мелдешине катышып жатат. Кыргызстандык 14 жашка чейинки футболчулар Д тобунда күчтүү атаандаштары Ирандын, Пакистандын, Индиянын жана Түркмөнстандын командасы менен беттешүүдө.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, кыргызстандык жаш футболчулар биринчи беттешүүдө Түркмөнстандын командасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан, экинчи оюнда Индиянын командасына 4:1 эсебинде утулду, пакистандык футболчуларга 8:0 эсебинде жеңилди. Бүгүн талаа ээлери ирандык футболчулар менен беттешет.

Азиядагы 42 өлкөнүн өспүрүмдөр тандалма командалары 8 топко бөлүнгөн. (КМа)

XS
SM
MD
LG