Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстан куш тумоосу боюнча текшерүүнү күчөттү


Куш тумоосунун алдын алуу үчүн Кыргызстандын аба майдандарына, чек арадагы өткөрмө бекеттерге ооруган адамды текшерүүчү жабдыктар коюлганын "Азаттыкка" саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Министр куш тумоосу тууралуу маалымат тараганда эле атайын буйрук чыкканын кошумчалады. Ага ылайык, аба майдан же чек арадагы түйүндөрдө шектүү адам табылса көпчүлүктөн дароо бөлүшөт жана дарылашат.

Кытайдын эки шаарында жана төрт провинциясында 12-апрелде куш тумоосунун жаңы түрү катталганын Кыргызстанга дүйнөлүк эпизоотиялык бюро кабарлаган. Азыр ал аймактардан Кыргызстанга канаттуулар этин алып келүүгө тыюу салынды. (AKu)

XS
SM
MD
LG