Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Президент Бутефлика Францияда дарыланууда


Алжирдин президенти Абдулазиз Бутефлика ден соолугу кескин начарлап кеткенден улам Францияга шашылыш дарыланууга жөнөтүлдү. 76 жаштагы Бутефликанын саламаттыгы ислам экстремистчилерине каршы узак жылдар созулган согуштан эми оңолуп бараткан 36 миллион калктуу мунай экспорттоочу өлкөдөгү тынчтыктын негизги фактору саналат. Эгемен Алжирди 1954-62-жылдардагы Франциянын оторчулугуна каршы согуштан кийин башкарып келаткан улуу муундагы лидерлердин өкүлү саналган Бутефлика 1999-жылы президенттикке шайлангандан бери бийликте отурат.

XS
SM
MD
LG