Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Балык чарбачылыгы боюнча улуттук саясат талкууланат

Бишкекте “Азия Трейд Компани” бизнес борборунда бүгүн балык чарбачылыгы боюнча Улуттук саясаттын долбоору талкууга коюлат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунунун Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба программасынан кабарланды.

Кыргызстанда эгемендик алган жылдары балык чарбалар жакшы каралбай, таланып-тонолуп кеткен. Муну менен катар эл арасында да балыкты азык катары колдонуу азайган.

Кыргызстанда 25ке жакын жеке менчик жана мамлекетке караштуу балык чарбалары бар. Алардын ирилери Тоң, Өзгөн, Талас, Соң-Көл, Токтогул, Үч-Терек, Базар-Коргон аймагында жайгашкан. Бирок булар өндүргөн балык дагы республика керектөөсүн толук жаба албайт. Мисалы, Тоң районундагы балык чарба азыр 1 миллион тоннага жетпеген форел балыгын өндүрөт, союз маалында анын көлөмү 12 миллион тоннага чукул болчу. (EBM)
Куржундар
XS
SM
MD
LG