Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Бангладеште ураган имаратта өрт чыкты


Бийликтердин айтымында, урандынын алдында калган аялды куткаруу үчүн болот зымдарды кесип атканда чыккан учкундан өрт тутанган. Бирок ал аялды тирүү алып чыгууга мүмкүн болгон жок.

Жекшембиде кыйраган имараттын ээси Мухаммед Сохел-Рана Индия менен чектеш жерде кармалды. Ал кырсык болгондон кийин из жашырып кеткен эле.

24-апрелде Дакканын четиндеги кийим тиккен фабриканын сегиз кабат имараты кыйрап, 350дөн ашуун киши өлдү. Жарадарлар саны миңге чукулдады, дагы ондогон адам табылбай жатат.

Имаратка жарака кеткенине карабай жумушту токтотпогон кийим тигүүчү ишкананын 5 жетекчиси камакка алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG