Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Жапон премьер-министри Москвада


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки күндүк иш сапар менен Москвага келди. Ал бүгүн президент Влидимир Путин менен жолугат. Бул эки өлкөнүн башчыларынын он жылдан берки алгачкы кездешүүсү.

Жолушууда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки аймактык талаш-тартыштар тууралуу сөз болмокчу. Москва менен Токио Тынч океандагы Орусияда Курил, ал эми Жапонияда жаңы аймак деп аталган анча чоң эмес төрт аралды талашып келет. Бул аралдарды Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Орусия көзөмөлдөйт, Жапония болсо аралдарды өзүнүкү деп эсептейт.

Жапон премьеринин сапары маалында ошондой эле энергетикалык долбоорлор талкууланат, бир катар келишимдерге кол коюлат. Синдзо Абэ Москвага 120 адамдан турган делегация менен келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG