Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Диний билим берүү маселелери талкууланат


Бүгүн Бишкекте диний билим берүү жана диний окуу жайлар тууралуу мыйзамдын долбоору талкууланат. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети уюштурууда.

Мыйзам долбоор боюнча буга чейин парламенттик угуу өткөн. Анда негизинен диний билим берүүнү тартипке салуу зарылдыгы айтылган. Айрыкча өспүрүмдөрдүн чет өлкөлөргө диний билим алганы барып жатканы кооптондурары белгиленген.

Ушул ай башында студенттер менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы диний кырдаалды кооптуу деп баалаган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда исламды окуткан 10 жогорку окуу жай бар, алардын бирөө университет, калгандары институттар. Ошондой эле 56 медересе каттоодон өткөн. Христиан багытында жалпысынан 7 жогорку окуу жай, 6 орто билим берген мектеп бар. (ЕBM)

XS
SM
MD
LG