Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

"Жайшул Махди" тобунун мүчөлөрүнүн соту уланууда


Октябрь райондук соту Бишкекте бир катар террорчул иштерди уюштурган деп айыпталган “Жайшул Махди” тобунун мүчөлөрүнүн ишин кароону улантат. Өткөн жумада айыпталып жаткандардын адвокаты келбей калганына байланыштуу сот иши бүгүнкүгө жылган эле.

Козголгон кылмыш боюнча ондон ашык адамга айып тагылган. Алардын экөө 2011-жылы январда, Бишкектин түштүгүндөгү атайын операцияда жок кылынган. Алар өткөн жылы күзүндө Бишкектеги синагогада, Спорт ордосунун алдында болгон жардырууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелип, эки жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып турушат.

Атайын кызматтын өкүлдөрү булар “Жайшул Махди” террордук уюмуна мүчө болгонун айтышкан. Соттун жүрүшүндө болсо айыпталуучулар террордук уюмдарга мүчө эместигин билдирип келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG