Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Чек арадагы Ак-Сай – Ворух жолу кайра ачылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай – Ворух унаа жолу кайра ачылды. Бул жол 27-апрелде чек ара чатагынан улам эки тараптан тең жабылып калган болчу. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, учурда кыймыл кайра калыбына келе баштады.

27-апрелде кыргыз тарап Тажикстандын Ворух айылын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун кура баштаганда кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабаган. Мындан кийин Ак-Сайдын тургундары Ворух – Исфара жолун бууган. Эки тараптан эл чогулуп бири-бирине таш ыргыткан. Бир канча унаа жабыркап, сегиз адамга таш тийген.

Ворух – Тажикстандын Кыргызстандагы эксклавы. Баткен облусунун ичинде жайгашып калган бул анклавда отуз миңден ашуун калк бар. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG