Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Тажик тарап чыгымдарды төлөп бермей болду


Тажик тарап 27-апрелдеги чек ара чатагында жабыркаган кыргызстандыктардын чыгымдарын төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу коңшу республиканын тиешелүү жетекчилери кечээ атайын жолугушууда айтканын бүгүн Ак-Сай айылынын тургундарына ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Асановдун айтымында, кыргыз милициясы Ак-Сай айылынын тургундарынын жабыркаганынан улам үч кылмыш иш козгоду. Биринчиси сарайдын өрттөлгөнү, экинчиси бир жылкынын айдалып кетишине байланыштуу "каракчылык" беренеси жана үчүнчүсү - "массалык башаламандык" беренеси боюнча.

27-апрелде кыргыз тарап Тажикстандын Ворух айылын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун кура баштаганда кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, окуя ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабагандан башталган. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG