Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:22

Асанов: Чек ара чатагында кыргыз жарандары мыйзам бузган эмес


Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя боюнча кыргыз жарандарынын мыйзам бузганы тууралуу эч маалымат жок, арыз да түшкөн эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Асановдун айтымында, кыргыз милициясы Ак-Сай айылынын тургундарынын жабыркаганынан улам үч кылмыш иш козгоду. Биринчиси сарайдын өрттөлгөнү, экинчиси бир жылкынын айдалып кетишине байланыштуу "каракчылык" беренеси жана үчүнчүсү - "массалык башаламандык" беренеси боюнча.

27-апрелде кыргыз тарап Тажикстандын Ворух айылын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун кура баштаганда кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, окуя ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабагандан башталган.

Кыргыз тараптан жабыркагандардын төртөө азыр ооруканада жатат, дагы сегизи жараат алган. Аксайлыктардын биринин сарайы өрттөлүп, бир тургундун жылкысын тажик тарапка айдап кетишкен. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG