Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Согдинин жетекчилиги аксайлыктардан кечирим сурады


Тажикстандын Согди облусунун төрага орун басары Жумабай Сангинов Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынан кечирим сурады. Кабарчыбыздын айтымында, Сангинов кечээ Ак-Сайга келип, чек ара чатагында жабыркагандар менен жолукту. Мыйзам бузган тажик жарандары жазага тартылаарын билдирди.

27-апрелдеги окуяда Тажикстандын Ворух айылынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, алардын төртөө азыр ооруканада. Бир унаа жабыркап, бир тургундун сарайы өрттөлгөн. Дагы бир аксайлыктын жылкысын коңшулар айдап кеткен.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, жабыркагандардан түшкөн арыздардын негизинде үч кылмыш иши ачылып, иликтөө башталды. Асанов 27-апрелдеги окуяда кыргыз жарандары тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуу болгону тууралуу арыз түшпөгөнүн да маалымдады.(JsA/RK)

XS
SM
MD
LG