Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Акыйкатчы өспүрүмдөр абагынан кабар алды


Акыйкатчы Турсунбек Акун өспүрүмдөр абагынан кабар алды. Балдардын жашоо-шарты менен таанышып, жетекчилик менен жолукту. Абактын башчысы Кыялбек Бейшекеев жаңы мыйзам боюнча мындай өспүрүмдөрдү мөөнөтүнө чейин шарттуу түрдө бошотуу мүмкүн болбой калганын, бул аталган мекемеде жүрүп жаткан гуманизация процессине карама-каршы келээрин айтты.

Абактагы жашоо шарты боюнча балдар тарабынан арыз-даттануу айтылган жок.

Чүйдүн Вознесеновка айылында жайгашкан №14 колония Кыргызстан боюнча өспүрүмдөр үчүн жалгыз абак болуп эсептелет. Анда азыр 37 бала камалып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG