Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Баткен: Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, учурда 27-апрелде чатак чыккан жерде абал тынч, жолдор ачык.

Өткөн ишембиде жергиликтүү тургундар арасында чек ара чатагы чыккан. Тажикстандын Ворух айылынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, алардын төртөө азыр ооруканада. Бир унаа жабыркап, бир тургундун сарайы өрттөлгөн. Дагы бир аксайлыктын жылкысын коңшулар айдап кеткен.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, жабыркагандардан түшкөн арыздардын негизинде үч кылмыш иши ачылып, иликтөө башталды. Асанов 27-апрелдеги окуяда кыргыз жарандары тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуу болгону тууралуу арыз түшпөгөнүн да маалымдады.(RK)

XS
SM
MD
LG