Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Путин менен Абэ тынчтык келишимине жетүү ниетин билдиришти


Путин менен Абэ учурашып жатат. Москва, 24-апрель, 2013-жыл.
Путин менен Абэ учурашып жатат. Москва, 24-апрель, 2013-жыл.
Бул тууралуу Орусия президенти менен Жапония премьер-министринин Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрүнүн соңунда кабыл алынган декларацияда айтылат. Анда эки лидер Экинчи дүйнөлүк согуштан бери 67 жыл өтсө да Орусия менен Жапониянын ортосунда тынчтык келишими жоктугун “нормалдуу эмес” көрүнүш деп аташкан.

Синзо Абэ Москвага бүгүн келген эле. Бул жапон өкмөт башчысынын Орусияга акыркы он жылдагы алгачкы иш сапары.

Эки өлкө Орусияда Түштүк Куриль, Жапонияда Түндүк аймактар деп аташкан төрт аралды талашуудан улам тынчтык келишимге кол койо албай келишет. Кезинде СССР аннекциялап алган аралдар азыр Орусиянын карамагында.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө тараптар экономикалык маселелерден Жапониянын Ыраакы Чыгыштагы энергетикалык жана инфраструктура долбоорлоруна катышуусун да талкуулоосу мерчемделген.

Жапон өкмөт башчысын Москвага 120дай ишкер коштоп келди. (UE)

XS
SM
MD
LG