Алар негизинен шийиттер жашаган аймактарда болду. Маселен, Амара деген шаардын базарында эки унаа жарылганда кеминде тогуз киши каза таап, жыйырма чактысы жаракат алды. Ал эми Дивания деген шаарда автоунаанын жарылуусунан жети киши каза таап, он бештейи жарадар болду. Кербала деген шаарда унаа жарылуусунан эки кишинин өмүрү кыйылып, он экиси жаракат алды. Жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек.
Өткөн аптанын башында өлкөнүн түндүгүндө коопсуздук күчтөрү менен суниттер кагылышкандан берки бир аптадагы кыянатчылыктар толкунунан Иракта 200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
Өзү ирактыктык сунниттер алардын жамааты шийиттер үстөмдүк кылган өкмөт тарабынан кодуланууда деген жүйөө менен былтыр декабрдан бери нааразылык билдирип келишет.
Премьер-министр Нури ал-Малики болсо Иракка да диний негизде “жиктешүүнүн шамалы” келишине коңшу Сириядагы жаңжаалдын таасири бардыгын айтууда. (UE)