Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Сириядан БУУнун химиялык курал боюнча эксперттерин өлкөгө киргизүү талап кылынууда


Башкатчы Пан Ги Мундун билдиргенине караганда, Улуттар уюмунун тобу Сириядагы жаңжалда химиялык курал колдонулду деген маалыматтарды топтоп, анализдөөдө. Бирок алар иликтөөнү “ишенимдүү жана кеңири жүргүзүү” үчүн өлкөнүн ичине кирүүгө муктаж.

Химиялык курал боюнча иликтөө Сириянын өзүндө өткөрүлүшүн АКШда талап кылып жатат.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карни Вашингтондогу басма сөз жыйында:

- Улуттар уюмунда эгер жол берилсе (президент Башар Асаддын режими тарабынан) жана бул маселе иликтенишине кызыкдарлык көргөзүлсө 24төн 48 саатка чейинки убакыт ичинде жайгашууга даяр турган топ бар. Биз француз, британ жана башка союздаштар, өнөктөштөр менен болушунча көбүрөөк далил топтоонун үстүндө иштөөдөбүз.

Президент Башар Асад БУУдан инспекторлорду жөнөтүүнү март айында Алеппо шаарында козголоңчулар химиялык курал колдонду деген маалыматтардан улам суранган. Козголоңчулар болсо тескерсинче химиялык курал колдонду деп бийликти айыпташкан.

Ушул кабарлардан улам Улуттар уюму швециялык окумуштуу Эйк Селлстром баштаган топту түзгөн эле. Бирок БУУнун инспекторлору өкмөттүк жайларды да текшерүүнү максат кылгандыктан, президент Асад аларды өлкөгө киргизүүдөн баш тарткан.

БУУ башкатчысы Алепподо эле эмес, былтыр декабрда Хомс шаарында химиялык курал пайдаланылды деген маалыматтар да иликтениши зарылдыгын айтып жатат.

Президент Асаддын негизги өнөктөштөрүнүн бири – Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо кечээ химиялык курал маселеси “геосаясий максатта” пайдаланылышына жол берилбеш керектигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG