Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Пан Ги Мун Сириянын премьерине каршы чабуулду айыптады


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын борборунда өлкөнүн премьер-министрин бутага алган “террордук чабуулду” айыптады. Анда алты адам мерт болгону кабарланууда. Сириядагы мамлекеттик телеканал премьер-министр Вайиль ал-Халки аман калганын кабарлады. Халки бул чабуулду президент Башар Асаддын бийлигин кулатууну көздөгөн козголоңчулардын алсыздыгы деп баалады.

Жардыруу Дамасктын Маззи районунда болду. Аталган райондо өлкөнүн мамлекеттик жана аскердик мекемелери жайгашкан жана бир катар жооптуу кызматта иштеген адамдар жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG