Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

"Кыргызавтомаштагы" кампада өрт чыкты


Бишкектин чыгыш тарабында жайгашкан "Кыргызавтомаш" ишканасынын аймагындагы кампада кечээ кечинде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, кырсыкка электр ширетүү иштериндеги эреже бузуу себеп болгон. "Бристоль" деп аталган чакан ишкананын сантехника сакталуучу кампасынын 200 чарчы метр чатыры, жыгач паркети жана ичиндеги бир катар даяр товар күйүп кеткен.

“Кыргызавтомаш” ишканасы азыркы президент Алмазбек Атамбаевге таандык деп айтылып келчү. 1997-1999-жылдары Атамбаев бул ишкананын башкы директору, 2004-2005-жылдары директорлор кеңешинин төрагасы болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG