Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Гематолог-окумуштуулар Батукаев боюнча өлкө жетекчилигине кайрылды


Кыргызстандын Гематология боюнча илимий борборунун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Алар Батукаевге байланыштуу окуядан улам ар-намысына шек келип жатканын айтып, "бизди коргоп бергиле" деп өтүнгөн.

Кайрылууда ушул эле борбордун 12 кызматкеринин буга чейин жасаган билдирүүсү негизсиз экени айтылат. Борбордун жетекчи орун басары Эмил Макимбетовдун "Азаттыкка" айтымында, лейкоз деген диагноз Батукаевдин эмес, башка оорулуунун канынын анализи боюнча жасалды деген сөз да чындыкка жатпайт:

- Батукаев деген оорулууга ак кан деген диагноз туура коюлган. Кан Батукаевдики болчу.

Өткөн аптада Гематология борборунун 12 кызматкери Батукаевге коюлган диагноз туура эмес, эгер чын эле ошондой болсо, ал эбак каза болмок деп айтып чыкканы кабарланган.

Кылмыш дүйнөнүн лөгү делген Азиз Батукаев бир катар оор кылмыш үчүн соттолуп, Нарындагы абакта камакта жаткан. Жаза мөөнөтү дагы 8 жыл болчу. Бирок Гематология борборунун аныктамасынын негизинде ал ак кан оорусуна чалдыкканы айтылып, 10-апрелде өлкөдөн чыгарылып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG