Бишкекте чек арачыга кол салуу болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чек ара кызматынан кабарлашты. Окуя өткөн түнү болгон. Чек арачыны белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап, бычактап кеткен. Мээси чайкалып, баш сөөгүнө залака тийген, көкүрөгү бычакталган.
Учурда ал Травматология жана ортопедия борборунда жатат. Абалы канааттандырарлык экенин Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди:
- Ким сабаганы белгисиз. Себеби окуя караңгыда болгон. Көчөдөгү балдардын эле кылганы деп ойлоп жатабыз. Кызматтык ишине байланыштуу эмес.
Окуянын чоо-жайын азыр Бишкектин Свердлов райондук милициясы териштирип жатат. (RK)