Жалал-Абадда көргөзмө-жарманке өттү. Облустук Барпы театры менен шаардын Эркиндик көчөсүнө жайылган көргөзмөгө облустун шаар-райондору менен айылдарындагы ишкерлер, зергер, усталар, тигүүчү-чеберлер, азык-түлүк жана тамак-аш чыгарган өндүрүшчүлөр катышты.
Алар өз колу менен жасаган улуттук кийим-кече, үй жасалгаларын, ат жабдыктарды, буюм-тайым, музыкалык аспаптарды, жыгачтан жана темирден жасалган буюмдарды көрсөтүштү.
Базардагы баага караганда 1-2 сомго арзан жашылча-жемиш жана тамак-аш сатылды. (YA/RK)