Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

ОшМУда заманбап китепкана ачылды


Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде заманбап 2 кабаттуу китепкана пайдаланууга берилди. Биринчи кабаты 100 миңге жакын китепти сактоого ылайыкташтырылган, ал эми экинчи кабатында 110 орундуу бардык шарттары бар окуу залы жана 40 орундуу электрондук зал бар. Китепкана заманбап эмерек, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы, маалыматтык базасы абдан кеңири электрондук китепкана жана атайын медициналык, электрондук китептер, аудио, видеоколдонмолор менен камсыз болгон.

Китепкананы ачуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ден соолук сакчысы болууну каалаган студенттер үчүн көптү билүү, көп окуу керек экенине токтолуп, университеттин жетекчилиги ар бир адистик боюнча билим алууга жана адис катары калыптанууга керек болгон шартты түзүү үчүн аракетин улантаарын айтты. (RK)
XS
SM
MD
LG