Ички иштер министрлигинин Арам акчаны адалдоого каршы башкармалыгы Барпы атындагы Жалал-Абад облустук драма театрдын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин ашкереледи. Ага ылайык, көз карандысыз аудиттин негизинде 2010-2012-жылдары театрдын жооптуу кызматкерлери айлык акынын ставкасын негизсиз жогорулатканы анык болгон. Мунун айынан мамлекет 730 миңден ашуун сом чыгым тарткан. Кылмыш иш козголуп, аны тергөө прокуратурага берилди. (EBM)