Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

МАИ кызматындагы бош орундарга сынак жарыяланды


Ички иштер министрлиги Жол-кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынак жарыялады. Сынакка катышкандар жол коопсуздугунун эрежелери, нормативдик-укуктук актылар боюнча тесттен мурун дене-тарбия даярдыгы боюнча норматив тапшырат. Андан өткөндөр баарлашууга барат.

Учурда МАИ кызматкерлерин аттестациялоо уланып жатат. Иргеп алуу алгач Нарын менен Көлдө өтүп, анда МАИчилердин 30, ал эми Баткенде 40тан ашыгы, Ош облусунда болсо 26 пайызы пайызы өтпөй калды. Аттестациялык-сынак комиссиясынын мүчөсү, укук коргоочу Калича Умуралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, салыштырмалуу жакшы көрсөткүч Ош шаарында болду. Бул жакта сынактан 5 кызматкер өткөн жок.

Аттестациялоо эми Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында уланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG