Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Нарын мэрине ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү


Кечээ Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында күн тартибине кошумча 11 депутаттан турган демилгелүү топ шаар мэрине ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп чыкты. Көпчүлүк коалицияны түзгөн депуттар мындай демилгеге каршы болуп, кайыма айтышуу орун алды. Акыры мэрди колдогон депутаттар жана шаар мэри Баатырбек Жээналиев, орун басарлары жана бир катар мекеме жетекчилер да кошо залдан чыгып кетишти. Калган депутаттар жана шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев мэрдин мындай кадамына нааразы болуп, бул тууралуу президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылуу жөнөтмөй болушту. "Азаттыктын" кабарчысы окуя боюнча шаар мэри менен телефон аркылуу байланышканда "азырынча маалымат бере албайм, кан басымы көтөрүлүп ооруканадамын"-деди. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG