Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Учкун Ташбаевдин соту 16-майда болот


Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаевдин үстүнөн соттук териштирүү 16-майда өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди.

Сот 30-апрелде өтмөк. Бирок соттолуучунун адвокаты келбей койгондуктан кийинкиге калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Учкунбек Ташбаевди өткөн жылдын ноябр айында камакка алган. Ал «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG