Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Кыргызстандыктар Эмгек күнүн майрамдоодо


Бүгүн Кыргызстанда дем алыш күн. Өлкө Эмгек күнүн майрамдап жатат. Сейил бактарда жана эс алуучу аянтчаларда шаар бийликтери эл үчүн түрдүү майрамдык оюн-зоок, спорттук иш-чараларды жана чакан концерттерди уюштурду. Таласта өспүрүмдөр арасында футбол таймашы өтүүдө.

Бишкекте велосипедчендердин жарышы жана жөө күлүктөрдүн таймашы өттү. Жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды. Ушу тапта шаардын борбордук аянтында эл сейилдеп, майрамдап жүрөт. Бирок келгендердин саны анча көп эмес.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Иштерман жылы деп жарыяланган. Президент Алмазбек Атамбаев 1-Май майрамына карата куттуктоосунда өлкөгө тынчтык жана ынтымак, ал эми ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө, жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылгандай сүйүктүү ишке ээ болуусун каалады. (RK)

XS
SM
MD
LG