Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

ИИМ: Балдарга карата сексуалдык зомбулук күчөөдө


Кыргызстанда жыл өткөн сайын балдарга жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук күчөп баратат. Буга милициядагы статистикалык маалымат далил экенин "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, былтыр ушундай мүнөздөгү 151 кылмыш катталган. Быйыл биринчи кварталда 34 окуя болгон:

- Тилекке каршы, жыл өткөн сайын мындай кылмыштардын саны өсүүдө. Буга калкыбыздын социалдык абалынын, турмуш шартынын начардыгы себеп болуп жатат.

Мындай окуялардын соңкусу өткөн аптада Бишкектин четиндеги конуштардын биринде катталды. Мас атасы 3 жашар кызын зордуктап, бычактап салган. Кыз азыр реанимацияда жатат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG