Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Ооганстанда Жогорку Тынчтык кеңешинин мүчөсү кол салуудан каза тапты


Окуя бүгүн түштүктөгү Гилменьд провинциясынын аймагында болгон. Провинция губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуактын билдиргенине караганда, Маалим Шавали бара жаткан автокербендин жолунда оболу жарылуу болуп, андан кийин талип согушкерлери ок ачкан.

Андан Жогорку Тынчтык кеңешинин мүчөсүнүн эки жансакчысы жана айдоочусу каза таап, бир нече киши жаракат алды.

Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңеши Талибан лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн президент Хамид Карзай тарабынан үч жыл мурда түзүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG