Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Ирактагы үч жарылуудан сегиз адамдын өмүрү кыйылды


Бомба салынган автоунаалардын алгачкысы Багдаддын шииттер үстөмдүк кылган ал-Хусейниа районунда жарылганда үч киши каза таап, кеминде он адам жаракат алды.

Бомба салынган экинчи унаа Багдаддан батыш тараптагы Фажулла шаарында жарылганда, дагы үч адам каза таап, он беши жаракат алды. Ал эми Рамади шаарында бомба салынган унаанын жарылуусунан полициянын эки офицери мерт болду.

Апрелдин акыркы аптасынан берки кыянатчылыктар толкунунан Иракта 240тан ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Мындан улам өлкөдө шииттер менен суниттердин диний негиздеги араздашуусу кайра башталдыбы деген кооптонуулар айтылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG