Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Князевдин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынды

Муну кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетиндеги “Азаттыктын” ишенимдүү булактары тастыктады. Азырынча тыюу салынган себеби белгилүү боло элек. Орусиялык саясат таануучу Князев 1-майда Казакстандан кайтып келатканда Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө тыюу салынганы тууралуу акт алганын билдирип, аны өзүнүн ишмердүүлүгү, Кыргызстандагы кырдаал тууралуу берген баасы менен байланыштырган.

Буга чейин Князевдин Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСтерин курууда Өзбекстан менен Казакстандан уруксат алышы керек деген билдирүүсүнө байланыштуу кыргыз коомчулугунда бир топ нааразылык айтылган.

Князевди Бишкекте 2007-жылы белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Анда да бул окуяны өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырган болчу. (EBM)
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG