Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

"Атажуртчулардын" соту түштөн кийинкиге калды


Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журттун" лидерлери боюнча териштирүү түштөн кийинкиге, саат 2ге калды. Кабарчыбыздын айтымында, буга соттолуучулардын бири - Каныбек Камчыбековдун алынып келбей калышы себеп болду.

Каныбек Камчыбеков "Ата-Журт" партиясынын башчысы, депутат Камчыбек Ташиевдин жансакчысы.

Соттолуп жаткан лидерлер Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында, ал эми Ташиевдин жансакчылары Бишкектин №1 тергөө абагында камакта жатат. Каныбек Камчыбеков оорусуна байланыштуу №47 абактын ооруканасына которулган. Аны ошол жактан бүгүн эртең менен башталган сот жыйынына тиешелүү документтер даяр болбой калганына байланыштуу алып келбей калышканы айтылды.

Бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен Бишкектин Биринчи Май райондук соту 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытовду жана Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу тарап апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Бүгүн алгачкы отурум башталмак. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG