Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Манасчы Жусуп Мамайга илимий-чыгармачыл экспедиция жөнөтүлөт


Манасчы Жусуп Мамага Кыргызстан атайын илимий-чыгармачыл экспедиция жөнөтөт. Ошондой эле кинематографтар тобу барат. Бул үчүн тиешелүү каражат бөлүп берүүнү өкмөткө бүгүн президент Алмазбек Атамбаев буйруду.

Мамлекет башчы "Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоого кошкон салымы жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Илимдер академиясына Жусуп Мамайдын эмгектерин системалуу түрдө иликтеп, чет өлкөлүк адистер менен бирге изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле манасчынын эмгектерин терең талдап, кеңири таанытуу максатында илимий-практикалык конференция уюштурулмай болду. Жусуп Мамай айткан "Манас" басмаканадан китеп болуп чыгат.

Жакында президент Атамбаев Жусуп Мамайды 95 жашка чыгышы менен куттуктап ага телефон чалган.

Кыргызстандын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG