Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Ташиевдин жансакчылары үй камагына чыкты


Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов баштаган алты адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын карады. Натыйжада Ташиевдин үч жан сакчысы үй камагына чыкты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта депутаттар Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, ал эми Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Алар 2012-жылы 3-октябрда Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин камакка алынып, бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG