Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

Кытайда куш тумоосунан көз жумгандардын саны 26 адамга жетти


Соңку маалыматтар боюнча Кытайдагы куш тумоосунун жаңы түрүнөн 26 адам каза тапты. Кытай массалык маалымат каражаттары кабарлагандай, H7N9 вирусунан акыркы өлүм Кытайдын борбордук бөлүгүндө катталды. Буга чейин бул инфекциядан каза тапкандар Кытайдын чыгыш жактагы провинцияларында катталып жаткан.

Шаршемби күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун H7N9 вирусун изилдеп жаткан адистери бул вирус адамдын ден соолугуна чоң коркунуч алып келерин билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун тез тарашы боюнча тынчсызданганын билдирди. H7N9 вирусу өткөн жума Тайванда катталган. (AiK)

XS
SM
MD
LG