Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Казакстан: ТИМ Кадырбаев менен Тажаяков тууралуу билдирүү жасады


"Бостондо камакка алынган казакстандык студенттер Кадырбаев менен Тажаяков федералдык түрмөгө которулушту, аларга “далилдерди жок кылышкан” деген айып тагылууда", - деп билдирет Казакстандын Тышкы иштер министрлиги.

ТИМдин маалыматы боюнча 1-май күнү эртең менен Бостондо Казакстандын жарандары Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяковдун иммиграциялык мыйзамдарды бузушу боюнча алдын ала соттук угуулар болуп өттү. ТИМ эки студентке Бостондогу жардырууга катышы бар деген айып тагылбаганын тастыктады.

Диас Кадырбаевдин атасы Мурат Кадырбаев өткөн аптада казакстандык 7-каналга маек курган.

- Биз нес болдук. Диас эч ким менен эч качан мушташкан эмес. Радикалдар менен байланышы жок болчу. Ал мечитке өзгөчө окуялар маалында гана барбаса, барчу эмес. Америкада эч качан мечитте болгон эмес, - деди Мурат Кадырбаев.

АКШда Бостон марафонунда болгон жардыруу боюнча эки казакстандык студенттен тышкары дагы бир америкалык жаран Робел Филиппоско расмий айып тагылды. Үчөө жардыруулар боюнча негизги шектүү деп кармалган Жохар Царнаев менен мурда коллежде окуган достор.

XS
SM
MD
LG