Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Ооганстандын жана Пакистандын аскерлери чек арада кагылышты


Пакистандын аскерлери менен алты саатка созулган тирешүүдөн кийин Ооганстандын бир чек арачысы өлтүрүлгөндүгү, үчөө жарадар болгону кабарланууда. Кагылышуу Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы талаш аймакта орун алды.

Ооганстандын Нангархар аймагынын бийлик өкүлдөрү "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын ооган кызматына берген маалыматы боюнча ооган күчтөрү жакында чек арада Пакистан орноткон дарбазаны жана чек ара бекетин бузуп салышкан. Бул талаш жер Дюран Тилкеси деп аталып, ал Британия тарабынан 19-кылымда чийилген эле.

Пакистандын бийлик өкүлдөрү алар тараптан үч аскер жарадар болгонун кабарлашты. Эки тарап тең бири-бирин абалды курчутуп жиберди деп айыптоодо. Кабул Исламабаддан жаңы орнотулган чек ара бекетин алып койууну дароо талап кылган. Пакистандын оюнда Дюран Тилкеси эл аралык чек ара, бирок аны Ооганстан тааныбай келет.

XS
SM
MD
LG