Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Холокосттон тирүү калгандардын эң улуусу 107 жашында көз жумду


Фашисттик концентрациялык лагерлеринин жашы эң улуу туткуну Леопольд Энглайтнер Австрияда 107 жашында көз жумду. Холокостту башынан кечиргендердин ишин алып барган Маутхаузен комитети Леопольд Энглайтнер 21-апрелде каза болгонун маалымдады. Леопольд Энглайтнер Иегованын күбөлөрүнүн мүчөсү болгондугу үчүн 1939-жылдан 1945-жылга чейин үч түрдүү концентрациялык лагерде отуруп чыккан. Энглайтнер боштондукка чыкканда 28 гана килограмм болчу.

Конлагердин эң улуу аял тукуну 110 жаштагы Алис Герц-Зоммер Британияда жашайт. Ал Прагада төрөлүп, Франц Кафка анын үй-бүлөсүнүн досу болгон.

Экинчи дүйнөлүк согушта 6 миллионго жакын жөөт жок кылынган. Алардын бир миллиондон ашууну Освенцимдин газ камераларында кырылган. Жөөттөрдү тукум курут кылуу Холокост деп аталат.
XS
SM
MD
LG