Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Окумуштуулар: эрин боёгучтарда темир өлчөмү көп


АКШдагы окумуштуулар эрин боёгучтардын 30дан ашык белгилүү түрүндө ашыкча өлчөмдө оор темир бар экенин ашкереледи. Калифорния университетинин адистери бир күндө эки-үч жолу помада колдонгондор ашказан рагына кабылуу ыктымалдыгы жогорулай турганын билдирди. Помаданы ченебей колдонгондор оор темирге ууланышы мүмкүн.

Баяндама соңунда окумуштуулар эрин боёгучту мүмкүн болушунча азыраак колдонууга кеңеш беришти. АКШда косметикалык каражаттардагы темирдин стандарттары киргизилген эмес, Европа биримдигинде мындай зат аралашкан помадаларды сатууга тыюу салынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG