Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Венесуэла: оппозиция шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда


Оппозиция лидери Энрике Каприлес башкаруучу партиянын жетекчиси Николас Мадуро жеңген шайлоо жыйынтыгын сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатат. Коалициялык оппозициялык күчтөрдүн юристтери Венесуэланын Жогорку Сотуна доо арыз жолдоду. Анда добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганы айтылат. Эксперттер сот оппозициянын өтүнүчүн канааттандырышы ыктымалдыгынан күмөн санашууда.

Апрелде өткөн шайлоодо оорудан каза тапкан мурунку президент Уго Чавестин мураскери Мадуро 50,8 пайыз добуш алган. Ал эми Каприлести шайлоочулардын 49,1 пайызы колдогон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG