Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстандагы сөз эркиндиги талкууланат


Бүгүн Кыргызстандагы АКШ элчилиги, Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борбору жана Freedom House уюму менен биргеликте өлкөдөгү басма сөз эркиндигине байланыштуу кырдаал боюнча талкуу өткөрөт. Анда сөз эркиндигинин абалына баа берилет, проблемаларды чечүү жолдору сунушталат. Иш-чарага АКШ элчиси Памела Спратлен катышат. 3-май - Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнү.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Freedom House уюму соңку иликтөөсүндө дүйнөдө басма сөз эркиндиги былтыр эң төмөнкү деңгээлге жеткенин маалымдаган. Ага ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер ичинде басма сөз эркиндиги боюнча алдыда турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG